www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгисиз адамдар журналистти атып кетишти

Пакистандын түндүгүндөгү Хайбер-Пахтунхва провинциясында жергиликтүү журналист Васим Аламды атып кетишти.

Полициянын маалыматы боюнча, журналист 10-апрелде кечинде мотоцикли менен үйүнө келе жатканда белгисиз адамдар атып кетишкен. Ал ооруканага жеткирилип, бирок анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес. Алам жергиликтүү "Сада-е-Лашагир" гезитинин редактору болчу. Анын өлүмү үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Журналистке кол салууну Хайбер-Пахтунхванын башкы министри Мехмуд Хан айыптады.

Аламдын өлүмү Пакистанда эркин прессага басым күчөп жаткан учурга туш келди. Бул өлкө журналисттер үчүн кооптуу аймактардын бири болуп саналат. Былтыр эле киши колдуу болгон 15 журналисттин өлүмүнүн бети ачылган эмес.

Хайбер-Пахтунхва Пакистандагы эң жакыр, бир убакта «Аль-Каида» жана «Талибан» кыймылынын согушкерлери көзөмөл кылган аймактардын бири. Бул чөлкөмдө активист, журналисттерге кол салуулар көп болуп турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости