www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда күйүүчү майдын кымбаттаганына байланыштуу Ош шаарында автоунааларына газ орноткон айдоочулардын саны көбөйгөн. Бирок газды койдуруу үчүн уруксат Бишкек шаарынан гана алынат. Эгер уруксаты жок газ аппаратын орнотсо, айдоочулар 5 миңден 17 миң сомго чейин айып пулга жыгылышат.
Мындан улам автоунаасына газ аппаратын орното тургандар уруксатты алыш үчүн борборго барып, эки эсе чыгымга учурабай, Ош шаарында да атайын автоунааларды техникалык кароодон өткөрүп, документ жасай турган мекеме ачылса жакшы болмок. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин депутаты Арыпбек Айтбаев маселе көтөрдү.
Өлкөгө газ орнотулган автоунаалар Орусия, Абхазия жана Армения мамлекеттеринен келет. Аларды сөзсүз каттоодон өткөрүп, уруксат наама алып коюу автоунаа ээсине милдеттендирилген. Эгер бензин менен жүргөн машинага газ жаңы орноткон учурда тийешелүү кызматтан уруксат албаса, 5 миңден, 17 миң сомго чейин айып пулга жыгыла турганын Ош шаардык жол коопсуздугун камсыздоо кызматынан билдиришет.
Булак: NazarNews.kg