www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги күйүүчү майга болгон баанын өсүшүн кармап туруу үчүн өз ыйгарым укуктарынын алкагында чара көрүп жатат. Бул тууралуу агенттик өзү билдирет. Маалыматка караганда, 2021-жылдын январь-октябрь айларында бензин 70 пайызга, дизель майы 50 пайызга кымбаттаган. Буга Орусиядагы мунайды кайра иштеткен заводдордогу дүң баанын жогорулашы себеп болгон.
Учурда антимонополиялык агенттик бааны жөнгө салуу үчүн төмөнкүдөй чараларды көрүүдө:
– Күйүүчү-майлоочу каражаттардын баасы боюнча сурамжылоо жүргүзүү;
– Рыноктогу кырдаалга анализ жасоо;
– Күйүүчү майды негизсиз кымбаттатпоого сунуштамаларды берүү.
"Нефтетрейдерлер тарабынан "Атаандаштык" жөнүндөгү мыйзам бузулган кезде антимонополдук орган тийиштүү чара көрөт", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, 25-октябрда антимонополиялык агенттиктин директору Кеңешбай Тайлаковдун жетектөөсү менен күйүүчү май рыногундагы баалардын өсүшүн талкуулоо үчүн жумуш жыйыны өттү. Ага рыноктун негизги ири оюнчулары да катышкан. Жыйындын жыйынтыгы менен антимонополдук орган төмөнкү чечимдерди кабыл алган:
– "Атаандаштык" жөнүндөгү Кыргызстандын мыйзамдарын так сактоо;
– Күз-кыш мезгилин эске алуу менен баанын кескин өсүп кетишине жол бербөө (баа деңгээлин кармаган инструменттерди колдонуу жолу менен);
– Күйүүчү майдын дефицити жаралбашы үчүн күйүүчү майды запастоо.
Эске салсак, буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясы - чара көрүлбөсө бензиндин бир литри дагы 9 сомго кымбаттай турганын эскерткен.
Булак: NazarNews.kg