www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ош" базарындагы "Берекет гранд" жана "Берекет универсал" соода комплекстеринде сатуучулардан ири өлчөмдө мыйзамсыз акча чогулткан делип аталган базар комплекстеринин негиздөөчүсү менен башкы директору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 2017-жылдан бери "Берекет" ЖАКтын жетекчилери Б.Б.К. жана А.И.Ж ижарачыларды соода комплекстериндеги коммерциялык жайларды сатып алуу-сатуу боюнча жалган келишимдерди түзүүгө мажбурлашкан. Соода кылган жайлардын баасы чарчы метри үчүн 500дөн 2 000 долларга чейин болгон.

Аталган соода комплексинде ижарачылар коммерциялык жайларды кайра саткан учурда көйгөй жаралып, ал үчүн да акча алынып турганы кошумчаланды.

"Комплекстин ичиндеги соода жайын ээси кайра сатканда администрациянын талабы менен андан түшкөн пайданын 50 пайызын, мындан тышкары, кайра каттоо үчүн 100 миң сом "Берекет универсал" соода борборуна төлөп беришкен", — деп айтылат кабарда.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында "Берекет" ЖАКтын негиздөөчүсү Б.Б.К. жана АКнын президенти А.И.Ж. 19-январда колго түшүрүлүп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бул фактыга тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости