www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Беш-Сары» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Ж.К. салык төлөөдөн качуу жана алдамчылык фактылары боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
«Беш-Сары» ЖЧКсынын «Ош» базарда соода түйүнү бар. «Беш-Сары» ЖЧКсы көп жылдан бери кош бухгалтердик эсеп жүргүзүп келгени аныкталган. Ижара келишимин түзүүдө формалдуу түрдө төмөн сумма көрсөтүлгөн, ал эми иш жүзүндө ижара акы бир нече эсе жогору болгон. Бул базарда сатылып жаткан товарлардын кымбатташына да алып келген. Ошондой эле бухгалтерия салык документтеринде пайданы төмөн көрсөтүп, салык органдарына жалган маалымат берип келген.
Мисалы: Ижарачы "Беш-Сары" ЖЧКсына 1 соода түйүнү үчүн 16 100 сом төлөйт, бирок келишимде 9600 сом көрсөтүлгөн. Андан сырткары фискалдык органдар үчүн отчеттук документтерде 4800 сом көрсөтүлгөн, муну менен пайда 280% төмөндөтүлгөн. Ишкерлерге келишимдин экинчи нускасы берилген эмес.
Башкача айтканда «БешСары» ЖЧКсы соода жайын каалаган убакта башка ижарачыга өткөрүп бере алган. Кечээ, 21-февралда Ж.К. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», - дейт атайын кызмат.
УКМК жарыялаган сүрөттө мурдагы депутат Камчыбек Жолдошбаев экенин көрсө болот. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Беш-Сарынын» жетекчиси — Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна.
Булак: NazarNews.kg