www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда Баткен районунун Ак-Татыр айылынын тургуну болгон эки аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу Reporter.kg′ге маркумдардын айылдаштары билдирди.

Каза болгон эки аскердин бири – 31 жаштагы Кулат аттуу  (фамилиясы такталууда) сержант, экинчиси — 35 жаштагы Нургазы аттуу прапорщик. Мекен чегин коргоп курман болгон эки чек ара кызматкеринин аркасында бештен балдары калды.

Учурда каза болгон прапорщиктин сөөгү жерге берилди. Ал эми маркум сержанттын сөөгү кеч табылгандыктан жаназасы бүгүн кечинде окулат.

Мекен чегин коргоп, баатырларча курман болгон чек ара кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтабыз.

Сүрөттө: солдо Кулат аттуу сержант жана Нургазы аттуу прапорщик.

Последние новости