www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 31-мартта Бишкектеги И.Панфилов атындагы парктагы эс алуучулардын бири аттракциондон кулап түштү. Бул тууралуу окурмандар маалымдады.
Окуя боюнча Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы комментарий берип, окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын кабарлады. Анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилмекчи.
Жаракат алган кыз Шаардык клиникалык тез жардам борборуна жеткирилген. Учурда анын абалы оор, медициналык жардам берилүүдө. Дарыгерлердин айтымында, жабыркаган кыз ооруканага оор абалда жеткирилген. Кыз башынан жаракат алып, мээси жабыркаган. Ошондой эле сыныктары да бар.
Алдын ала маалымат боюнча, кыз отурган аттракциондун коопсуздук куру үзүлүп, кыз бетонго башы менен кулаган.