www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында Сүйөркулов көчөсү №146/1 дарегиндеги көп кабаттуу үйгө милиция, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана муниципалдык аймактык башкармалыктын кызматкерлери барышты.

Бүгүн, 1-мартта бул имаратты бошотуу пландалууда. Буга чейин борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев жашоочулар 1-мартка чейин имаратты бошотушу керек экенин билдирген. Жер ресурстары кызматынын Бишкек шаардык мекемесинин маалыматы боюнча, 0,151 га жер — Бишкектин муниципалдык менчиги.

Бул жер бизнес-борбор жана соода борборун куруу үчүн берилген. Мэрия кабарлагандай, имараттын 1-кабатындагы 24 бөлмө, 2-3-4-кабаттардын жарымы коммерциялык жай болуп саналат. Ошондой эле 5-кабаттан 9-кабатка чейин кеңсе бөлмөлөрү курулган.

«Бирок 69 бөлмөдө адамдар жашайт. Тактап айтканда бул объект турак жай катары колдонулуп жатат», - дейт мэрия.

2016-жылдын 25-февралындагы ижара келишими боюнча Сүйөркулов көчөсү №16/1 дарегиндеги 0,121 га жер 49 жылга «Араб Инвестиция Компаниясы» ЖЧКсына соода комплексин курууга берилген.

2018-жылы бул компаниянын аталышы «Нур-Жаннат ЛТД» болуп өзгөргөн. Буга чейин депутаттар менен курулушу бүтпөй турган объекттердин үлүшчүлөрүнүн жолугушуусунда «Квартал Строй» компаниясынын үлүшчүсү жана Сүйөркулов көчөсү №16/1 дарегинде жашаган Алина Дасматова аларды 1-мартта көчүрүү аракети болорун айткан.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Квартал Строй» компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси — Талипова Асыл Асанкадыровна. «Нур-Жаннат ЛТД» компаниясынын жетекчиси — Жамал Абд-Элфаттах Омар Хаммад.

Негиздөөчүлөрү:

- Иштай Тамими Набиль Абдул-Фаттах Ибрахим;

- Хассан Ибрагим Саид Аламад;

- Жамал Абд-Элфаттах Омар Хаммад;

- Йосеф Сулиман Ахмад Аль Шарман;

- Штай Тамими Хайдер Мусбпах Салман.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости