www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо маселеси 19-мартта ачык режимде каралат, бул тууралуу парламенттин спикери Нурланбек Шакиев билдирди.

Анын айтымында, алгач келишим ЖК комитеттеринин биргелешкен жыйынында каралып, андан соң парламенттин пленардык жыйынына чыгарылат. Ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору дароо үч окууда каралат.

Бишкек шаарында 13-мартта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун эки тараптуу жолугушуусу өттү. Сүйлөшүүлөрдөн кийин эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимге кол коюшту.

Последние новости