www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн дзюдочу Эрлан Шеров мелдешке чыгат

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында бүгүн, 31-июлда дзюдочу Эрлан Шеров мелдешке чыгат. Ал 90 килограммга чейинки салмакта күрөшөт. Анын алгачкы атаандашы кубалык Иван Фелипе Силва Моралис болмокчу.

Дзюдо боюнча мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.

Эрлан Шеров кыргыз дзюдосунун тарыхында дүйнө чемпионатынан коло медалын утуп, Азия оюндарынын чемпиону болгон алгачкы дзюдочу. Ал акыркы эки жылда Дзюдо боюнча дүйнө чемпионатынын коло (2024-жыл.), Азия оюндарынан алтын (2023-жыл), Улан-Батордогу “Чоң шлем” мелдешинде күмүш (2023-жыл), Парижде өткөн “Чоң шлем” мелдешинде коло (2024-ж.) медалдарды уткан.

Белгилей кетсек, Париждеги Олимпиада оюндары 16 күнгө созулат. Мында 206 өлкөдөн 10 миңден ашуун спортчу мелдешке чыгат. Жалпы 329 комплект медаль ойнотулат. Ушуну менен Париж үчүнчү ирет Олимпиада өткөргөнү жатат. Бул шаарда Олимп оюндары 1900-жылы жана 1924-жылы болгон.

Последние новости