www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу башталды.
Жарандар эми 15-февралга чейин күбөлүктүн жаңысын акысыз алууга мүмкүнчүлүгү бар.
Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев белгилегендей, эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбайт. Болгону жаранда өздүгүн тастыктаган документи жана эски айдоочулук күбөлүгү болушу шарт.
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордон билдиришкендей, бардык филиалдар 12–18-январь күндөрү дем алышсыз иштейт.
Мындан тышкары, “Биримдик” филиалы жана Ош регионалдык бөлүмү жарандарды түнкү саат 01:30га чейин кабыл алат.
Эскерте кетсек, эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүк онлайн түрдө алмаштырылбайт. Жарандар Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун филиалдарына кайрылууга туура келет.