www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жеке унааларга атайын жарык берүүчү сигналдарды мыйзамсыз орнотуу фактысы аныкталды.

Натыйжада эки Toyota Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаа айып короого киргизилди.
Унаалардын айдоочуларына карата тиешелүү укук бузуу протоколдору түзүлдү.

Бишкек шаарынын МККБсы транспорт каражаттарына атайын жарык сигналдарын мыйзамсыз орнотууга жана унааларды тиешелүү уруксатсыз кайра жабдууга тыюу салынарын эскертти.

Мындан тышкары, буга чейин интернетте мыйзамсыз орнотулган атайын жарык сигналдары менен жарыяланган унаалар да көзөмөлгө алынып, алар боюнча багыттамалар берилген.

Унаалар аныкталган учурда, айдоочуларга мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.

МККБ айдоочуларды мыйзам талаптарын сактап, унааларды мыйзамсыз кайра жабдууга жол бербөөгө чакырды.

 

 

 

 

 

Последние новости