www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 25-мартта, Кыргызстандын улуттук курама командасы Мьянманын курама командасы менен футбол талаасында беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдирди.

Оюн Индиянын Импхал шаарында "Үч улуттун кубогу" эл аралык турниринин алкагында өтүүдө. Ага катышкан үч команда (Индия, Кыргызстан жана Мьянма) өз ара бири-бири менен ойношот. Биринчи турда Индия Мьянманы 1:0 эсебинде утуп алды.

Бүгүнкү беттеш Бишкек убактысы боюнча 18:30да башталат.

Оюнду KYRGYZ SPORT TVнын YouTube каналынан жана Акнет, Мегалайн, Неотелеком кабелдик телекөрсөтүү тармактарынан түз эфир аркылуу көрүүгө болот.

Последние новости