www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн жарандык активист Адилет Балтабайдын соту болот

Бүгүн, 1-августа Бишкек шаардык сотунда социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ысым менен белгилүү жарандык активист жана блогер Адилет Али Мыктыбектин соттук териштирүүсү уланат. Аны коргоо комитетинен кабарлашкандай сот маалында Адилет Балтабайдын апасы жана тарапташтары президент Садыр Жапаровго жана УКМКны төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдошмокчу.

Акыркы ирет Адилет Балтабайдын соту 27-июлда болгон. Бирок сот имаратта жараянды өткөрө турган бош бөлмөнүн жоктугун айтып, аны кийинкиге жылдырган.

Активисттин жактоочусунун ал жолку айтымында, райондук сотто аныкталган бөгөт чарасына каршы апелляциялык даттануу шаардык сотко бир ай мурда эле, активист жаңы кармалганда берилген. Мыйзам боюнча арыз 14 күндүн ичинде каралышы керек.

Эске салсак, 30-июнда Ички иштер министрлиги Адилет Балтабайды суракка чакырып, эртеси күнү ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен бир айга камаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости