www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин жыйналышы өтөт. Күн тартиби (өзгөрүүлөр болушу мүмкүн):
1. «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзамдын долбоору үчүнчү окууга киргизилет;
2. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору үчүнчү окууга киргизилет; 3. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Турак жай кодексине, “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору үчүнчү окууга киргизилет;
4. «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору экинчи окууга киргизилет;
5. «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору экинчи окууга киргизилет;
6. «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет;
7. «Электр энергетикасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет;
8. «2023-жылдын 20-ноябрында Токио шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосундагы “Ирригациялык каналдарды күтүү үчүн техника менен жабдууну жакшыртуу” долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана 2023-жылдын 11-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы “Ирригациялык каналдарды күтүү үчүн техника менен жабдууну жакшыртуу” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет;
9. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 25-февралындагы №1708-IV токтому менен бекитилген “Эл аралык парламенттик уюмдардагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө” жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.
Булак: NazarNews.kg