www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Би-Би-Си радиосунун өзбек кызматынын журналисти Ибрат Сафо Ташкенттин Чиланзар райондук ички иштер башкармалыгына "маектешүүгө" чакырылганын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Ички иштер башкармалыгынын кызматкери мени тапканга чейин эки жолу 68 жаштагы эжемдин тынчын алган. Мугалим болуп иштеген эжемди Чиланзар ИИБине чакырышкан. Мен ага Лондондон телефон чалып, "барбай эле коюңуз", - дедим. Эң кызыгы, мен 2017-жылдан бери Ташкентте жашабайм, каттоом Өзбекстандын Лондондогу элчилигинде", – деп жазды Сафо.

Анын айтымында, ички иштер башкармалыгынын өзүн Жасур деп тааныштырган өкүлү журналистти ИИБге чакыруу тапшырмасы президентке караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинен келгенин билдирген. Буга Сафонун Өзбекстан тууралуу Фейсбуктагы "негативдүү" пикири себеп болгон.

ИИБдин өкүлү "Өзбекстан өкмөтүн дискредитациялоо" мыйзамына шилтеме кылып, бирок ал кандай мыйзам экенин тактап айткан эмес.

"Газета.уз" сайтынын маалыматында, журналист 1-февралда социалдык түйүндөгү баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү жазган: "Эгер кайсы бир демократиялык өлкөдөгү шаар мэри кызматта турган кезинде парктагы дарактарды кыйып, анын ордуна Диснейленд куруп, андан акча таба турган болсо, чоң саясий жаңжал чыкмак, көптөгөн кишинин башы кетмек. Бирок Өзбекстан башка критерийлер менен жашайт".

Ибрат Сафо бул билдирүүсүндө эч кимдин аты-жөнүн атабаганын, болгону "мурдагы аким Magic City көңүл ачуу жайына ээлик кыларын мойнуна алгандан кийин" өз пикирин жазып койгонун белгиледи.

"Мен Жасурдун канча жашта жана журналистика боюнча кандай билими бар экенин билбейт экенмин, бирок ал мени "патриот эмессиң" деп айыптап, мындай билдирүүлөрдү жазууну токтотууну талап кылды. Кандай темаларда жазышым керектигин сурасам жооп берген жок. Эмнегедир ага "Өзбекстанга качан келесиң?" деген суроосуна "учакка билет алып бер" деп жооп бергеним жакпай калыптыр. Эми ал Ички иштер министрлигине арыз менен кайрылганы жатыптыр", – деди журналист.

Ал ИИБ өкүлү менен болгон бул сүйлөшүүсүн Би-Би-Синин студиясында жаздырып алганын кошумчалады.

1-февралда Ташкент шаарынын мурдагы мэри, Akfa компаниялар тобунун негиздөөчүсү Жахонгир Артыкхожаев жети компаниясын (кийинчерээк 12 компаниясын сатканын айткан) сатканын билдирген. Алардын арасында 2021-жылы Улуттук парктын ордуна курулган Magic City көңүл ачуу жайы да болгон. Анын курулушуна Akfa'нын түзүмүнө кирген Stargate Systems компаниясы инвестор болуп, парктын 20,79 гектар жерин 49 жылга ижарага алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости