www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Жөжөнү күзүндө санайбыз” азыркы бийликтегилер рейтинг боюнча кийинки жылы жооп берер. 2019-жылы Кыргызстан 132-орунда эле, ага салыштырмалуу 8 пайызга көрсөткүчүн жакшырта алган. Мурункуларга салыштырмалуу жылыш болгон, бирок ал көзгө басарлык эмес. 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 31 балл алып, дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээлин изилдеген «Transparency International» эл аралык уюму жарыялаган жаңы баяндамага ылайык, 180 өлкөнүн ичинен 124-орунду ээледи.
Королева Маргарита II жетектеген Данияда, королева Елизаветага көз каранды Жаңы Зеландияда, премьер-министр Санна Марин жетектеген Финляндияда коррупцияны жок кыла алышты. Эркектер башкарган мамлекеттерде, коррупция жок болуп кетсе, коррупционерлер ачка калбайбы?
«Transparency International» эл аралык уюму
«Transparency International» уюму коррупцияны азайтуу боюнча рейтингдерин берди. Уюм биринчи кезекте бийликти бөлүштүрүү системасын бекемдөөгө, бюджетти бөлүштүрүүдө жеке байланыштарга жол бербөөгө чакырат. Ошондой эле саясий партиялардын каржыланышын көзөмөлдөөгө, шайлоо процессинин тазалыгын камсыз кылууга жана жарандарга, активисттерге, журналисттерге көбүрөөк эркиндик берүүгө кеңеш берет. Уюмдун коррупция боюнча индекси 1995-жылдан бери эксперттерди, ишкерлерди, өкмөттүк эмес уюмдарды сурамжылоо аркылуу түзүлүп келет. Кайсы өлкөнүн баллы көп болсо, ал жерде жемкорлук аз деп эсептелет. Кыргызстан 31 балл алып, Кения, Мексика жана Пакистан менен бирдей орунга коюлду. 100 баллдын ичинен эң жогорку көрсөткүчкө ээ болуп, 88 баллдан көп алган өлкөлөр – биринчи Дания жана экинчи орунда Жаңы Зеландия. 85 баллдан өйдө үчүнчү орунда Финляндия, төртүнчү орунда Сингапур, бешинчиде Швеция жана алтынчы орунда Швейцария өлкөлөрү алышты. Коңшу республикалардан Казакстан 34 балл алып, 113-орундан 94-орунга көтөрүлдү. Орусия 28 балл менен 145-чи орунда Өзбекстан да позициясын жакшыртып, 26 балл менен 156 орунда, ал эми Тажикстан былтыркыдай эле 25 балл алып 157-чи орунда болсо, Түркмөнстан 19 балл алып 167-чи орунда. Эң акыркылары эң аз 12 балл алып, абдан коррупциялашкан өлкө аталгандар – 179 –чу орун Түштүк Судан жана 9 балл алып 180-чи орунду Сомали алды.
2019-жылы 100 упайдан 30 упайды алып, Кыргызстан 126-чы орунду ээлеп Жибути, Украина менен катарлаш болгон. Кудайга тобо, эки орунга алга жылыптыр.
Коррупция аз деген мамлекеттик органдар
Облустук, райондук жана айылдардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коррупция аз деген мамлекеттик органдар деп табылды. Бул маалымат Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Коррупция аз деген мамлекеттик органдар:
- Жергиликтүү мамлекеттик администрация (39,4%);
- Өкмөт өкүлчүлүктөрүнүн аппараты (39,2%);
- Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (36,8%);
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалар аралык байланыш боюнча мамлекеттик агенттиги (35,8).
Коррупция коркунучтуу оюн
Коррупция коркунучтуу оюн экен, так эсебин ким билет, бирок коррупцияга каршы чыккандардын айтымына караганда 2020–жылы коррупция аркылуу кымтылган акчалардын саны миллиарддан эбакта ашып кетти. Бул, албетте, билинген гана коррупциянын жыты, билинбеген коррупциялар канча экенин ким билет? 2019-жылдын башынан бери мамлекетке коррупция аркылуу зыян келтиргендердин саны 5 млрд 981 млн 843 миң 700 сомго жетип, тергөө кызматкерлери аркылуу 2019-жылы коррупцияга таянып “коркуратып” мойнунан бурагандардан 183 млн 809 миң 294 сом мамлекеттин казынасына түшүргөн.
Башпрокуратура коррупция иштери боюнча 962 кылмыш иштерин козгогон:
- Кызматын кыянаттык менен пайдалангандар — 32;
- Мамлекетке пайдасыз, өзүнө пайдалуу контракттарды түзгөн үчүн — 3;
- Мыйзамсыз байыгандар— 4;
- Пара алып же пара бер деп зордогондор — 53;
- Кызматтык кара ниеттик — 56;
- Паспортторду мыйзамсыз бергени үчүн — 12.
Калган акчаларды ордуна коюу үчүн тергөө иштери катуу жүрүп жатат. Бүгүн жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун мойнунда 5 миллиард долларга чукул акча тышкы карыздары бар. Өзү да инаугурацияда бул тууралуу кеп кылды.
2016-жылдан 2020-жылга чейин Кыргызстандагы коррупция үчүн 50дөн ашык адам соттолгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдаган. Ведомство беш жыл ичиндеги укук бузуулар жөнүндө маалыматты жарыялаган. Жыл сайын соттор 7,1-7,7 миң адамга карата өкүм чыгарган. Жылдар боюнча коррупция үчүн соттолгондордун саны тууралуу маалыматтар:
киши;
2016-жети киши;
2017-11 киши;
2018-18 киши.
2019-12 адам;
2020-жыйынтыгы чыга элек.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg