www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Революцияны кимдер жасабайт, акыркы мезгилдерде революциялар сан жеткиз болуп кетти. Биздин Кыргызстанда эле 2005-жылдан бери он беш жылда үч революция, бийлик алмаштыруулар болду. Мындайча айтканда беш жылда бир. Беш жыл деген тарых үчүн оюнчук, секундга да арзыбайт. Ушул революциялардын башында дин менен бийликтин айыгышкыс душманы Оливер Кромвель турат.

Канкордун кесилген башы 25 жыл эл нааразылыгын билдирсин деп илинип турган

Англияны титиретип турган канкор Оливер Кромвель 1658-жылдын 3-сентябрында узак оорудан соң ажалга моюн сунат. Англияны чөгөлөткөн  Оливер Кромвелди Карл I дин кайра бийликке келген тукумдары кечиришкен эмес. Бийлик үчүн революция жасап, мамлекетти туура эмес башкарганы үчүн, сөөгүн көрүнөн казып келип, жиликтеп туруп, дарга асып, башын 25 жыл илип коюшкан. Тагыраак айтканда, Оливер Кромвель король Карл I дин үстүнөн жеңишке жеткен соң, 1649-жылдын 30-январында королду кармап башын кестирип салат.  Оливер мерт болгон соң бийликке кайрадан король Карл I дин уулу келет. Карлдын өлгөнүнө он эки жыл болгон соң Карлдын баласы өч алуу үчүн Оливер Кромвелдин сөөгүн көрүнөн кастырып туруп, өзүн жиликтеп бөлүп, дарга астырат. Анын кесилген башын  жалпы эл көрүп туруш үчүн илдирип коёт. Жыйырма беш жыл өткөн соң анын башы жоголуп кетет. Кандуу өкүмзар Оливер Кромвелдин башы 1910-жылы гана табылат. Бул башты англиялык дин кызматкери үй-бүлөлүк сыр катары үч жүз жыл боюу укумдан-тукумга сактап келе жатыптыр.1960-жылы гана Оливер Кромвель саясий карьерасын баштаган Кембриж колледжинин аймагына анын башы көмүлгөн. Оливер Кромвелдин башы ал өлгөн соң төрт жүз жылдан соң гана көмүлгөн. Лениндин денесинин Мавзолейге жатканына жакында бир кылым болот. Революционер Оливер Кромвелдин алдында революционер Лениндин Мавзолейдеги сөөгү кеп деле болбой калат экен.

Кыздын атын алып, кыздай назик өскөн мамлекет башчысы

Келечектеги өкүмзар мамлекет башчысы көп балалуу үй-бүлөдө 1599-жылы 25-апрелде туулган. Тогуз баланын ичинен келечектеги мамлекет башчысынын эки эркек бир тууганы чарчап калгандыктан алты кыздын арасында «Нолли» деген кыздын атын алып периштедей созулган, назик мүнөз күтүп, кыздар менен ойноп эрке талтаң назик кыз сымаал тарбия алган.

Оливердин апасы Элизабет Стюарт англиялык королдук династия болгон Стюарттар менен чалымы болгон. Ал күйөөгө тийген соң себине пиво чыгара турган чакан ишкана алат. Келечектеги революционердин таякеси жана чокундурган «крестный отеци» Оливер Кромвель өз үйүндө келечектеги англиянын королу Яков I-чини Шотландиядан келген сайын коноктоп турчу экен.  Оливер Кромвель таякеси Оливер Кромвелдин атын алган. Яков I таякесинин үйүнө конокко келгенде Оливер Кромвель анын уулу келечектеги Англиянын королу Карл I менен Оливер Кромвель таанышып, чогуу ойношот. Карл I менен Оливер Кромвель атасы менен таякеси сөзгө киришип, Оливер Кромвель таяке Яков I ге белекке берген күлүк тууралуу талкуулашып жаткан убакта экөө оюндун кумарына кирип кетишчү. Ал эмес бул эки бала тытыша кетип, Оливер Кромвель келечектеги король Карлдын мурдун жара коюп, кан токтобой аккан деген кеп калган. Бул экөө бала кезинен эле бири-бири менен кастыгы артып, көп жылдар өткөн соң Оливер Кромвель король Карл I ди тактан оодарып, башын кестирип салса, Оливер Кромвель көзү өткөн соң Карлдын өлгөнүнө он эки жыл болгон соң Карлдын балдары Оливер Кромвелдин сөөгүн көрүнөн кастырып туруп, дарга астырып, башын жыйырма беш жыл илдирип койот.

Динге каршы чыгып анын жерин тартып алып байыган

Диндин башкы душманы болгон Оливер Кромвель Англияда буржуазиялык революция жасап, королдук бийликтин түбүнө жеткен. Оливер Кромвель өзү бийликке келген соң кандуу диктаторго айланган. Мамлекетти көп жылдар башкарып туруп, дин жана бийликтен конфискацияланып алган байлыкты, жерди, мүлктү өзүнө ыйгарып алып, элдин жек көрүмдү мамлекет башчысына айланган. Оливер Кромвель мамлекет башына келе электе эле динчилдерден тартып алган мүлк менен байлыкка жеткен. Ошондуктан ал бийликке каршы иш-аракеттерин баштап 41 жашында диндин эсебинен тапкан каражатына революциялык армияны курай баштайт. Мамлекетти сактоо максатында Оливер Кромвель кыргынга баргандан кайра тарткан эмес. Ирландия менен Шотландияны чөгөлөтүш үчүн ал өзү курап алган армиясы менен аттанып, ал жерлерди канга бойойт. Ирландиянын калкынын үчтөн бирин таптап жок кылат: канга боёп кырат, көпчүлүгүн кулчулукка сатып жиберген. Ошондуктан Америкада Оливер Кромвелдин жалаң ирланддык кулдардан турган эң зор колониясы пайда болгон.

Кандуу мамлекет башчысы

Согуштук аракеттер диндин жана согуштун эсебинен байлыкка туйтунган Оливер Кромвелди мамлекет башына келишине түрткү берет. Оливер Кромвель революциянын башында болуп, бийликти алмаштырып, королдун башын кесет. Бирок анын ордуна өзү отурат. «Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт».  Анын мамлекет башчылыгына отурушу масштабы жана эсепсиз мамлекетин байлыгын чачканы боюнча королдордон ашып кетет. Анын мамлекет башчысы катары парламентте сүйлөгөн сөзү парламент депутаттарына акыл айтуунун деңгээлинде болот. Парламент мамлекет башчысынын укуктарын чектөө тууралуу пикирин айтканы менен Оливер Кромвелдин чексиз жинине тийет. 1653-жылы бардык бийликти колуна топтоп, парламентти жер менен жексен кылат. Күч менен Шотландияны Англияга кошот. Аскердик Кеңеш түзүп согуштук жолго түшүп,  мамлекетти он эки аскердик губернияга бөлүп, өзүнүн айтканынан чыкпаган генералдарды башкартып койот. Англия дүйнөдө эң күчтүү согуштук жана деңиз державасына айланат. Албетте, мамлекет башчысына адаттагыдай акча жетишсиз болгон. Ошондуктан элдин терисин тескери сыйырып салык төлөмдөрүн көбөйтө баштайт. Бардыгы ордуна кайтып келет, абсолюттук монархияны  жеңген Оливер Кромвель жаңы кандуу королго айланат. Ажыдардын ордуна ажыдар келет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости