www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-январда Алматынын салык органы дагы эки бейөкмөт уюмга миллиондогон теңге айып пул салып, ишмердүүлүгүн үч айга токтотууга милдеттендирди.

Ишмердүүлүгү чектелген Адам укуктары боюнча бюро менен «Эл аралык укуктук демилге» уюмдары укук коргоо тармагында иш алып барышат.

25-январда Алматынын салык органы кабыл алган токтомго ылайык, Адам укуктары боюнча бюро 2 миллион теңгеден ашык (4750 доллар), «Эл аралык укуктук демилге» уюму 1,1 миллион теңге өлчөмүндө айып төлөп, экөө тең ишмердүүлүгүн үч айга токтотушу керек.

Азырынча токтом күчүнө кире элек. Уюмдар он сутканын ичинде чечим боюнча даттана алышат.

«Эл аралык укуктук демилгенин» жетекчиси Амангелди Шорманбаев бул окуяларды «саясий буйуртма» деп эсептейт.

«Бизди бардык укуктарыбыздан ажыратып, кырдаалды жөнгө салууга мүмкүнчүлүк беришкен жок. Алар бизди жазалоону гана көздөшкөн. Бул дагы бир саясий буйуртма жана куугунтук. Алар бизди башка эл аралык уюмдар менен байланыштырбай, оозубузду жапкылары келип жатат», – деди Шорманбаев.

Буга чейин ушундай эле токтом шайлоого көз салган бир нече уюмга карата да кабыл алынган — Алматыда «салык отчётторун убагында берген эмес» деген негизде «Эхо» коомдук бирикмесине 1,1 миллион теңге айып пул салынып, ишмердүүлүгү үч айга токтотулса, Нур-Султанда «Эркиндик канаты» уюму 277 миң теңге айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

2020-жылы ноябрдын аягында Казакстандагы бир нече укук коргоо жана жарандык уюмдар салык органдарынын «чабуулуна» кабылышканын билдирип чыгышкан. Алардын айтымында, октябрь-ноябрь айларында өлкө боюнча кеминде 13 уюм салык отчетун туура эмес толтуруу боюнча эскертүү алышкан. Уюмдар мындай айыптоолорду негизсиз деп аташкан.

20-январда эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму Казакстанда укук коргоо уюмдарына карата «репрессиялык чаралардын уланып жатканын» айыптаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости