www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров Балбак Түлөбаевге кандай тапшырма берди?

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жаңы шайланган президент Садыр Жапаров менен жолукканын билдирди.

Шаардын социалдык маселелери боюнча жыйында Түлөбаев Жапаров ага томолой жетим балдар үчүн үй жана селсаяктар үчүн борбор курууну тапшырганын айтты.

«Садыр Жапаров томолой жетим балдар үчүн көп кабаттуу эки үйдүн курулушуна каражат табууга убада берди. Курулуш вице-мэр Азамат Сагындык уулунун сунушу менен Учкун кичи районунда (Свердлов району) жана Ленин районундагы жер тилкеде жүрөт деп болжолдонду. Акырындык менен жетим балдарды батир менен камсыздай алабыз деп ойлойм», — деди Түлөбаев.

Ал социалдык бөлүмгө муниципалитетте каттоодо турган жетим балдар тууралуу маалымат берүүнү тапшырганын кошумчалады.
Жапаровдун экинчи тапшырмасы, тагыраагы, селсаяктар үчүн борбордун курулушуна 50 сотых жер аныкталып, ал жай 200 кишиге ылайыкташарын айткан.

«Шаардык милициянын башчысы бизде мындай жер жок экенин, селсаяктар ысык, суукта көчөдө калып каларын билдирген. Борбордо аларды өзүнө келтирип, дарылап, паспорт берип, кадимки жашоого кайтарууга аракет кылабыз», — деген Түлөбаев.

Шаардын мэринин милдетин аткаруучу борбордун өзүнүн дарыгерлери болорун, милиция кызматкерлери коопсуздукту камсыз кылып, шаардык бюджеттин эсебинен мончо жана ашкана куруларын кошумчалады. Ал мындай жайды курууда мэрия коомдук фонддордон жардам алууга даяр экендигин да айта кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости