www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үстүбүздөгү жылдын 1-майына карата республика боюнча «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ай сайын берилүүчү жөлөк пулун алуучулардын жалпы саны 28 миң 538 адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган жөлөк пул бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда, ошондой эле өзгөчө макамга ээ айрым чек арага жакын калктуу конуштарда жашаган жарандарды (үй-бүлөлөрдү) мамлекеттик колдоо максатында дайындалат.
Бул жөлөк пул:
үчүнчү жана андан кийинки балдарга;
жөлөк пул алуучу 3 жашка чейинки баласы (балдары) менен чогуу жашаган шартта берилет.
Аталган жөлөк пулду дайындоодо үй-бүлөнүн кирешеси жана социалдык-экономикалык абалы эске алынбайт.
Мамлекеттик жөлөк пулду алуу үчүн жарандар жашаган жери боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктарына кайрылуусу зарыл.