www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийиктикке шашкан Өзбекстан

Өзбекстандагы асман тиреген алгачкы турак жай 267 метр бийиктикте жана элүү кабаттан ашат. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда имараттын курулушуна 27 миң тонна темир, 150 миң тонна бетон жана миңден ашык адамдын эмгеги жумшалды. Nest One имараты өлкөдөгү эң бийик турак жай болуп калды. Имаратта 1029 батир жана 29 жогорку ылдамдыктагы лифт бар.

Murad Buildings жана түркиялык Özgüven Mimarlık компаниясы ишке ашырган долбоордун жалпы баасы 150 миллион АКШ долларын түзөрү маалымдалган.

Имарат 2019-жылы салына баштаган, учуда андагы батирлердин, кеңселердин көбү сатылып алынганы айтылды. Батирлердин, кеңселердин жана соода жайларынын ээлерине кадастрдык документтерди этап-этабы менен өткөрүп берүү иштери жүрүп жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости