www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакынкы күндөрү жумушчу орундарын түзүү боюнча программа бекитилет. Бул туурасында президенттик администрациянын жогорку кызматындагы аткаминер билдирди.

Анын айтымында, долбоордун алкагында быйыл 250 миң жумуш орун түзүү пландалып жатат. Жаңы ишканалар облустардын борборунан тарта айыл өкмөттөргө чейин ачылышы керек.

Мындан сырткары, ал Кыргызстанда "Жаңы экономикалык саясат" программасы даярдалып жатканын билдирди. Аны министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров командасы менен иштеп чыгууда. Долбоордун бир бөлүгү катары жумуш берүүчүлөргө Соцфонд төгүмүнүн 27,25 пайыздык ставкасын 12,25ге чейин азайтуу каралып жатканын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости