www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкуловага тинтүү жүргүзүү үчүн чечиминин сүрөтү жарыяланды.

Документте айтылгандай, тинтүү иштери ИИМдин тергөө кызматынын башчысы, милициянын майору У.Жапеков кол койгон тинтүү жүргүзүү жөнүндө токтомдун негизинде жүргүзүлгөн. Анда “КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 36 жана 278-беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдарын карап чыгып, кылмыш жасоого даярдануу — зордук-зомбулук, каракчылык, өрт коюу менен коштолгон массалык баш аламандыктарды уюштуруу фактысы боюнча , мүлктү жок кылуу, ок атуучу куралдарды, жардыргыч заттарды же жардыргыч түзүлүштөрдү колдонуу же бийлик өкүлүнө куралдуу каршылык көрсөтүү. Белгилей кетсек, тинтүү жана алуу тергөө судьясынын санкциясысыз жүргүзүлгөн.

Ички иштер министрлиги азырынча расмий маалымат бере элек.

23-октябрда эртең менен “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзгөн оппозициялык саясатчы, жарандык активисттердин үйүн милиция тинтүүгө алып жатканы кабарланган. Алардын арасында Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдокматов, Рита Карасартова бар.

Учурда айрымдары милиция бөлүмдөрүнө алып келишкен кабарланды.

Саясатчы Равшан Жээнбековдун айтымында, «Массалык башаламандык даярдап жатышат» деп кылмыш иши козголгон.

22-октябрда Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлгөн. 15-октябрда Өзгөндө өткөн Курултайдын резолюциясына ылайык саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзүштү.

Булак: NazarNews

Последние новости