www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиялык бизнесмендер Кыргызстандын салык, банк жана валюта боюнча мыйзамдары менен таанышкандан кийин таң калып ыраазы болушат. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Буга кошо Жапаров министрлер кабинетин гана жетектебестен президенттин администрация башчысы экенин дагы белгиледи.
"Сиздердин жеке менчикке болгон кол тийбестикке жана кирешени каалагандай чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилерине президенттин атынан кепилдик берүүгө даярмын. Кыргызстандын салык, банк жана валюта боюнча мыйзамдары менен таанышкандан кийин таң калып ыраазы болоруңарды дагы бир ирет белгилей кетким келет", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле Кыргызстандагы салыктар ЕАЭБ аймагында эң төмөн экенин айтып, капиталды алып келүүдө жана чыгарууда эч кандай чектөө жок экенин кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg