www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соңку кездери мыйзамсыз иммигранттар маселесин активдүү көтөрүп, “чек араларды жабууга” чакырган миллиардер Илон Маск АКШда бизнесин мыйзамсыз баштаган. Бул тууралуу The Washington Post гезити Илон Масктын мурдагы бизнес өнөктөштөрүнө таянып жазып чыкты.

— "Түштүк Африка Республикасынын жараны Илон Маск АКШда мыйзамсыз иштеген" деп айтылат макалада.

Басылманын маалыматына караганда, Маск 1995-жылы Пало-Альтого Стэнфорд университетинде окуу үчүн келген, бирок ал университетке кирүүнүн ордуна Zip2 стартап компаниясын негиздеген. Ал университетте окубагандыктан, ишкердин АКШда иш алып баруусу мыйзамсыз болгон.

Маск буга байланыштуу редактордун суроосуна жооп берген жок.

Сентябрь айындагы билдирүүсүндө Илон Маск мигранттардын көзөмөлдөнбөгөн агымы АКШдагы баалардын кескин көтөрүлүшүнө себеп болгонун айткан.

Эске салсак, Илон Маск Байдендин чекесине чыккан чыйкан. Ал бийликтин ишеними болгон Камала Харристи эмес, Дональд Трампты колдоп жатканына Ак үй тарап кыжырданууда.

АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда болот.

Последние новости