www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан алдыга умтулуп баратып, Убактылуу Өкмөт бийликти алар менен артты көздөй кете баштаганыбыз жаман иш болду. Бийликти БЭК (Бириккен Элдик кыймыл) талашып жатып алган. Деги алар бийликти аларда каякта эле? БЭКтин төрайымы Роза Отунбаева ал кездеги СДПК фракциясынын төрайымы камап койбосо экен деп качып, жашынып жүргөн. БЭКтин мурунку төрагасы Алмазбек Атамбаев СИЗОдо камалып жаткан. Аны камактан бошотушкан соң, бары бир бийлик эми менин колумда деп, кыргыздын эзелтен келе жаткан салтына кол шилтеп, канча киши каны төгүлүп жатса да, душка түшүп жуунганы кеткен. Илгери кыргыздар кан төгүлүп жатканда жуунган эмес. Кызыгы, кокус Атамбаевдин колунда бийлик келсе барыбызды чилдей таратат деген БЭК шашылыш жыйын өткөзүп, Убактылуу Өкмөттү түзүп жиберишет. Курал менен бийликти алууга Атамбаевдине чоң эмгеги болсо да, анын душка түшүп жок болгонуна байланыштуу, кимдин болсо да сөзүнөн чыкпаган Роза Отунбаеваны Убактылуу Өкмөткө төрайым шайлап жиберишет. Өзүн бийлик башында сезип турган Атамбаев буга өтө нааразы болгон. Анткени, бийлик башында ал турмак. Ошондуктан, бул бийлик Убактылуу Өкмөт мыйзамсыз экенин сезип келечекте боло турган бийлик үчүн тымызын кам көрө баштайт. Ал бардык бийликке билимине, адистигине, тажрыйбасына карабай өз кишилерин койо баштайт.
Бир гана Оштун ошол кездеги мэри Мелис Мырзакматовду ордунан козгой алган эмес. Себеби, ага тийишсе Ош эли бүт көтөрүлүп чыгарын сезген. Калгандары деле бийликти алууга жетишерлик эле. Таласты кыйпычыктып жүрүп Өмүрбек Текебаев өз кадры «Ата-Мекен» партиясынын мүчөсү Койсун Курманалиевага алып берет. Дагы бир топ Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү өз сүймөнчүктөрүн бийликке алып келүүгө жетишет. Акчанын «королу» бажы кызматынын башчысына келгенде Убактылуу Өкмөттүн орун басарлары Атамбаев, Азимбек Бекназаров жана Темир Сариевдер ортосунда ызы-чуу чыгат. Булардын барын ичине катып жүргөн Атамбаев кийин, президент болору менен эң биринчи соккуну Бекназаровго урат. Негизи өзүнүн өнөктөштөрү, аны кызматка келиши үчүн жол түзүп беришкендердин бардыгы Атамбаевдин каарынан кутулган эмес. Ал президент болгон соң Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновду каматкан, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү маркум Болот Шерге жакшылык кылган эмес. Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Иса Өмүркуловду дыргаяктатып Бишкек мэринен кубалап түшүп, кылмыш ишин козгогон. Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаровду жогорку кызматынан жоготуп, бийлиги бүткүчө куугунтуктаган, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Темир Сариевди өкмөт башчы кылып, ал жерден «ыштанын булгап» түшүргөн. Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Элмира Ибраимованы Эсеп палатасына алып келип, аны да жайлаган. Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Исмаил Исаковду СДПК фракциясынан депутат кылып муну да жайлаган. Аягында Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеваны 2016-жылы 31-августтагы майрамдык салтанататта «мыш» кылган. Ошентип, Атамбаев өзү конуп отурган бутакты өзү кыйган да кошоматчылардан тегерегинен кадр топтоду эле, алар ал бийликтен жылмышар менен сатып кеткен.
Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү бийликти алышты беле? Отунбаева жашынып жүрсө, Атамбаев, Текебаев өңдүүлөр СИЗОдо отурушса, Болот Шерди Таластагы ызы-чуудан улам инфаркт экенине карабай башына кап кийгизип келип камаса, Азимбек Бекназаров Бишкектен тышкары болсо... Жалгыз Темир Сариев Москвадан келип, Ак үйдө ал кездеги өкмөт башчысы Данияр Үсөнов менен эмне «сырдуу» маектешкенин бир экөө, бир кудай билер. Бул тууралуу иликтесе булар божурап бермек. Ак үйдү көздөй алар аракка тойгузуп, колдоруна курал беришкен дардаңпооздор аттанышып, кийин өздөрүнчө «апрель баатырлары» деген рыцардык «сословие» түзүшүп, кийбегенди кийишип, ичпегенди ичишип бийлик алмаштыруунун убайын ушулар көрүшкөн.
2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуяларга толугу менен ар тараптуу саясий баа берилип, суроолуу маселелердин баарына чекит коюла турган учур да келет. Буга өтө жалпыланган мүнөздөмө берип, эмне болгондугун, мунун баары кантип башталгандыгын жана да бүткүл өлкөнү жана элди кандай оор терс кесепеттерге алып келгенин гана айтышыбыз керек. Чоң эсеп боюнча алганда, бул жерде жашыра турган жана корко турган эч нерсе жок, бул тууралуу дароо эле эл аралык деңгээлде объктивдүү иликтөө жүргүзүш керек, иликтөө ушуну баштагандардын жана катышкандардын баарын ачыкка алып чыкмак. Бийликте турганда Убактылуу Өкмөт бул сунуштан баш тартып койгон, ушунун өзү эле алардын өз аракеттериндеги кылмыштуулукту билип турушканына маанилүү далил болуп эсептелет. Чындыкты эч ким жашырып кое албайт, биздин коомго ошондо болгон окуяларды түшүнүүгө түртөт деп үмүттөнөмүн.
2005-жылдын жазынан 2007-жылдын жазына чейин бери эле болгондо үч ирет Өкмөт Үйүн басып алуу аракеттери болду. Мунун баары баягы эле көндүм болгондой болду. Топтошкон адамдар чыгып алышып, «Бакиев кетсин!» деп кыйкырышат бар болгону. Эмне үчүн, кандай себептер менен - мунун баары эч кимди кызыктырчу эмес. Бул чыгуулар, албетте, каржыланып турган, болбосо митингге эч кимди алып чыга алышмак да эмес. Жаштар «Ак Үйдүн» айланасында туу көтөрүп жүрүштү. Бийлик эч качан аларды күч колдонуп, кууган жок. Ошол кездеги бийлик мындай деп катуу тапшырма берген эле: «Митингге чыга беришсин, адамдар өз караштарын эркин билдирүүгө укуктуу, жада калса кыйкырып, айкыра да беришсин, а бийлик иштей берелик, иш менен алагды бололук». Бийлик, эреже катары, ошентип эле иштеп жүрдү. Ошол 2006-жылдын күзүндө эле митингчилер мыйзам алкагынан чыгып кетишкен, алар тараптан милицияга таш ыргытуулар болгондо, укук коргоо органдары күч кол донушуп, үн чыгаруучу гранаталарды жана көздөн жаш чыгаруучу газды колдонушуп, аларды кууп таркатышкан. Ошол кездеги УКМК жетекчиси Мурат Суталиновдун кылыгы гана эсти оодарган. Ал митингчилерге «уятсыз» билегин көрсөткөн эле.
Бул бардык эле мамлекеттердеги тартипти жана мыйзамдуу бийликти коргоодогу нормалдуу иш тажрыйба. Милиция 2007-жылдын жазында ал кездеги өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевдин көмөгү менен мыйзам бузгандарды кууп чыкканда, элдер балкондоруна чыгып, кол чабышкан: «Кудайга шүгүр, акыры аянтты булгашкан бул бекерчилерди кууп чыгышты” дешип. Ал Бишкектин мэри Арстанбек Ногоевге таң аткыча бүт аянтты жууп, тазалоо жөнүндө тапшырма берген. Ал муну аткарган. Кийинки күнү аянтта эч ким болгон эмес. Аянт тазаланып калган.
Митингге чыккандарга бийлик мындай мамиле жасачу - мейли, өз укуктарыңарды коргой бергиле, бирок, баарын тең мыйзамдын алкагында гана жасагыла деп. Ошондуктан, 2010-жылдын 7-апрелинде болгон митинг деле мурда биз көрүп жүргөндөй, массалык акция болот деп ойлошкон. Бирок, бул жолу такыр башкача болду, - эч кандай плакат жана ураандар жок. Демонстрацияга чыккандардын көбүнүн колунда алар мурунку күнү 6-апрелде Таласта Ички иштер башкармалыгын талкалашып, тартып алышкан куралдар бар болчу. Баса, Таласта болгон окуя жөнүндө мен 7-апрель күнү эртең менен, борбор шаардын борбордук аянтында элдер чогула баштаган. Топтошкон адамдардын ичинде өзүнчө бөлүнүп көрүнгөн, жумшартып айтканда, өзгөчөлөнгөн адамдар бар эле. Муну өз көзү менен көргөндөрдүн көбү айтып чыгышты, - бийлик тараптагылар да, оппозицияга кошулуп кеткендер да. Коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева ошол күнү таңдан кечке чейин аянтта жүрүп, кырдаалды курчутууга абдан активдүү аракет жасаган, бул документалдуу кинокадрлардан да көрүнүп турат, жада калса мына ошол киши дагы демонстрацияга чыгышкандардын ичинде жөнөкөй жарандарча кийинишкен көп адамдар жүрүшкөнүн, бирок алар жергиликтүүлөрдөн эмес, жакшы уюшулган, бардык аракеттерин чогуу жасаган адамдар болушкандыгын ачык айтып чыккан.
Албетте, топтошкон адамдардын ичинде ичип алышкан көп адамдар, ошондой эле психотроптук каражаттардын таасири астында болушкан жаштар көп эле, аларды андай нерселер менен жогоруда айтылган белгисиз адамдар камсыз кылышы толук мүмкүн болчу. Ушунун баары бул күнү аянтта алдын ала кылдаттык менен ойлонулуп чыккан, бийликти алмаштыруу боюнча атайын операция башталганын көрсөтүп турган. Жүрүштөгүлөрдүн алдыңкы катарына жаштар чыкканда, алардын акыл-эстери жайында болбой, көбү эч нерсени сезбей, өз башчылары эмне десе ошону аткарганга даяр турушканы көрүнүп турган. Жада калса, алар жаракат алышып, ооруканаларга түшкөндө да ооруну сезбей калышкан. Аларга ооруну басаңдатуучу каражаттарды сунуш кылышса, алар каткырып жатышкан. Бул жерде мындай атайын операцияларды өткөрүүдөгү иш тажрыйбасы барлардын профессионалдык даярдыгы менен болгон жетекчилик сезилип турган!
Ички иштер министрлигинин жетекчилигин иштен чыгаруу чечүүчү фактор болуп калды, анын башчысы Молдомуса Конгантиевди 6-апрелде Таласта чала өлүк кылган абалга жеткиргенге чейин сабашкан. Ошонун натыйжасында, ички иштер органдары борбордо мыйзамсыздыкка каршы туруп бере алышкан жок. Баса, Таласта деле башка жактан барышкан адамдар өз иштерин жасашып, психотроптук каражаттар пайдаланылган. Кийинчерээк Таластыктар Конгантиевдин алдында ага карата мындай ырайымсыз, адамгерчиликсиз мамиле болгону үчүн кечирим сурашкан, аны шылдыңга алып, сабашкандар кайдан-жайдан келишкени белгисиз адамдар болушканын, дан ошолор ушундай жапайы агрессияны баштап жиберишкенин моюндарына алышкан.
Албетте, мындай топ колдоруна мурда тартып алышкан көп сандагы куралды алып алышып, Өкмөт Үйүнө карай жөнөшкөнүнүн өзү эң эле трагедиялуу жыйынтыкка алып келбей коймок эмес. Демонстрацияга чыккандар Өкмөт Үйүн карай аттана башташканда,ызы-чуу ого бетер күчөп, атылган ок президент олтурган кабинеттин терезесин талкалап кирип, дубалга тийген. Ошол кезде борбордук аянтта эмне болуп жатканын түшүнгөндөр аз эле болду, дагы бир кыйла убакыт өткөндөн кийин гана кандуу төңкөрүштүн картинасы ачылып, кырдаал аздыр-көптүр түшүнүктүү боло баштаган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg