www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Бизде азыркы режимди жана мыйзамдуу шайланган бийликти кулаталы деген максат болгон эмес", - деди Евгений Пригожин "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын козголоңунан кийинки биринчи билдирүүсүндө. Кыскача баяндаманы Meduza басылмасы жазып чыкты.
"Вагнер" жеке аскердик компания Украинада жакшы натыйжаларга жетишкен Россиядагы эң тажрыйбалуу жана согушка даяр бөлүк. Интригалардын жана ойлонулбаган чечимдердин натыйжасында "Вагнер" 1-июлдан тартып ишин токтотууга тийиш эле. Көпчүлүк аскерлер курмандыкка барарын түшүнүп, Коргоо министрлиги менен келишим түзүүдөн баш тартышкан. Коргоо министрлигине өтүүнү каалагандар өтүштү, бирок бул 1-2%ды гана түздү. Биз 30-июнда чыгып, атайын аскердик операциянын штаб-квартирасына жакын жерден жабдыктарды тапшырганы жатканбыз. Биз агрессияны көрсөткөн жокпуз, бирок бизге ракеталык чабуул жасалды, 30га жакын согушкер набыт болду. Биз акырын алдыга жылууну чечтик. Агрессияны көрсөтпөйбүз, бирок бизге карата сокку урса, жооп беребиз дедим.
Биз 780 километр жолду басып өттүк. Аба күчтөрүнө сокку урганыбыз үчүн өкүнүп жатабыз, бирок алар бомба таштаганы үчүн ушундай кадамга бардык. Биз жолдо турган бардык аскерий объектилерди зыянсыздандырдык. Кургакта бир дагы жоокер каза болгон жок. Бизге кошулган Коргоо министрлигинин жоокерлеринен экөө каза болду. Жүрүштүн максаты — "Вагнердин" талкаланышына жол бербөө жана атайын операция учурунда ката кетирген адамдарды жоопкерчиликке тартуу болгон.
Бизди көргөн жоокерлердин баары колдоп турушту. Биринчи отряд артиллериясын жайгаштырып, чалгындоо иштерин жүргүзөөрдө токтодук, себеби көп кан төгүлө турганы билинип калды. Бул учурда Лукашенко колун сунуп, юридикалык юрисдикциядагы "Вагнердин" мындан аркы иши үчүн чечимдерди издөөнү сунуштады. Колонналар артка бурулуп, лагерлерге кетишти.
Биздин жүрүш өлкө боюнча олуттуу коопсуздук көйгөйлөрүн ачып берди: биз бардык аэродромдордун жана аскер бөлүктөрдүн ишине бөгөт койдук. Эгерде атайын аскердик операциянын башында тапшырмаларды "Вагнер" компаниясынын жалданма жоокерлери сыяктуу адамдар аткарган болсо, балким, "атайын операция" бир күнгө созулмак.
Биз жүрүшүбүздү адилетсиздиктин айынан баштадык. Жолдо бир да жоокерди өлтүргөн жокпуз. Күндүз Москвага 200 чакырым гана жетпей калдык. Ал эми кирип барып эле Ростов шаарын басып алдык. Карапайым калк бизди көрүп кубанышты. Биз 2022-жылдын 24-февралы кандай болушу мүмкүн болгон мастер-классты көрсөттүк. Бизде азыркы режимди жана мыйзамдуу шайланган бийликти кулаталы деген максат болгон эмес. Кан төгүлбөсүн деп артка бурулдук", - деди Пригожин.
Эскерте кетсек, 23-июнда «Вагнер» жеке аскерий компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин Коргоо министрлигин анын компаниясынын позицияларына сокку урду деп айыптаган.
24-июнь күнү эртең менен ал "Вагнер" аскерлери Ростов-на-Донудагы объектилерди көзөмөлдөп жатканын билдирген. Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында болушу мүмкүн болгон теракттардын алдын алуу максатында антитеррордук операция режими киргизилген.
Кырдаал Беларустун президенти Александр Лукашенко менен "Вагнердин" башчысы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Евгений Пригожин Москвага баруу ниетинен баш тарткандан кийин жөнгө салынган. Азыр анын кайда экени белгисиз.
Ал эми "Коммерсант" гезити кылмыш ишин козгоо чечими жокко чыгарыла электигин, козголоң боюнча тергөө уланып жатканын билдирди.
Булак: NazarNews.kg