www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиянын Bild таблоид гезити аты аталбаган жашыруун кызматтардын Орусиянын Украинаны Биримдик мамлекетине кошуу боюнча болжолдуу «планына» байланыштуу баяндамасын жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазат.
Орус дипломатиялык миссиясы Bild басылмасына билдиргендей, басылма жарыялаган «план» дипломаттар принципиалдуу түрдө комментарий бербеген «спекуляция менен ушактардын таң калыштуу аралашмасы».
Басылманын маалыматына караганда, Орусия февраль же март айларында «баскынчылыкты» пландап жатат жана аскердик фаза ийгиликтүү болсо, Украинада «орусиячыл куурчак өкмөттү» түзө баштайт имиш.
Сандалган «пландардын» ичинде шаарларды курчоого алуу, жаңы «лоялдуу» Раданы шайлоо, атүгүл каршылык көрсөткөндөр үчүн атайын лагерлер бар, алардын тизмеси азыртадан эле даярдалып жатат.
Басылма Москванын түпкү максаты Орусия, Беларусь жана Украинанын союздук мамлекетин түзүү экенин ырастайт. Эске салсак, Москва Батыш менен Украинанын «агрессивдүү аракеттери» боюнча айыптоолорун көп жолу четке кагып, эч кимге кол салбай турганын билдирген.
Булак: NazarNew.kg