www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 13-майда, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Агартуу министрлигине караштуу билим берүү мекемелерине кызматтык автоунааларды тапшыруу салтанаттуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты.
Кызматтык унааларды тапшыруу аземинде министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ата мекендик өндүрүштөн чыккан 91 даана кызматтык унааны сатып алууга мамлекет тарабынан 178 млн 528 миң сом каражат жумшалганын белгиледи.
Ал бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, тармакты өнүктүрүү, мугалимдерди колдоо жана заманбап шарттарды түзүү багытында ырааттуу иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.
“Эгемендүүлүк алгандан берки акыркы 34 жыл ичинде бул тармактагы кызматтык техникалар дээрлик жаңыланган эмес. Бүгүн ата мекендик өндүрүштөн чыккан 91 даана кызматтык унаа тапшырылып жатат. Бул — агартуу тармагына көрсөтүлгөн чоң колдоо жана мамлекеттин камкордугу. Жаңы техникалар билим берүү мекемелеринин ишин жеңилдетип, айрыкча тоолуу жана алыскы райондордогу иштердин натыйжалуулугун арттырууга чоң жардам берет”, — деди ал.
Ошондой эле Адылбек Касымалиев Президенттин Жарлыгына ылайык, апрелден тартып социалдык тармак кызматкерлеринин, анын ичинде мугалимдердин эмгек акысы олуттуу жогорулатылганын белгилеп, мамлекет бул багыттагы реформаларды мындан ары да улантарын билдирди.
“Мамлекеттин билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча пландары абдан чоң. Анткени адам ресурсу — өлкөнүн эң башкы байлыгы. Ал эми билимдүү, аң-сезимдүү эл ар кандай кыйынчылыкты жеңип чыгып, мамлекеттин өнүгүүсүнө бекем негиз түзөт”, — деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Унаалар төмөнкүдөй билим берүү мекемелерине берилди:
• 53 — райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө;
• 10 — усулдук борборлорго, билим берүү институттарына жана министрликтин департаментине;
• 9 — министрликтин ведомстволук мекемелерине;
• 17 — жатак-мектептерге жана мектеп-интернаттарга;
• 2 — Ош облустук жана Чүй облустук психологиялык-медициналык-педагогикалык консультацияларга.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин негизинде «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ачык акционердик коому аркылуу лизинг механизми аркылуу 91 даана LTZ комплектациясындагы «Chevrolet Tracker» үлгүсүндөгү автотранспортту сатып алуу каралган.
«Chevrolet Tracker» үлгүсүндөгү автоунаалар ата мекендик «ДТ Техник» ЖЧКсы тарабынан өндүрүлгөн.