www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жыл башынан бери бала бакчалардын саны 78ге көбөйдү. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Кендирбаеванын айтымында, учурда өлкө боюнча 1 912 бала бакча бар, анын ичинен 1 638 мамлекеттик жана муниципалдык бала бакча, ал эми 274ү жеке менчик бала бакча болуп саналат. Мында жалпы 200 миң 340 бала тарбияланууда.

"Былтыркы жылга салыштырмалуу жарым жылдын ичинде бала бакчага тартылган балдардын саны 13 миңге көп. Бул бала бакчалардын 78ге көбөйгөндүгү менен шартталды. Ошентип, жыл башында 26,4% бала мектепке чейинки билим берүүгө тартылган болсо, азыр бул көрсөткүч 28,3%га жетти", - деди ал.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости