www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2023-2024-окуу жылында Кыргызстандын окутуу кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарында колдонууга сунушталган окуу китептеринин тизмектери бекитилди. Тиешелүү буйрукка билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев кол койгондугун ведомстводон билдиришти.
Буйрукка ылайык бекитилди:
- 202З-2024-окуу жылында Кыргыз Республикасынын окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарында колдонууга сунушталган окуу китептеринин тизмеги;
- 202З-2024-окуу жылында Кыргыз Республикасынын окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарында колдонууга сунушталган окуу китептеринин тизмеги;
- 202З-2024-окуу жылында Кыргыз Республикасынын окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарында колдонууга сунушталган окуу китептеринин тизмеги;
- 202З-2024-окуу жылында Кыргыз Республикасынын окутуу тажик тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарында колдонууга сунушталган окуу китептеринин тизмеги.
Жаңы предметтик стандарттар жана окуу программалары бекитилгенге чейин басылып чыккан кыргызстандык авторлордун окуу китептери 2022-202З-жылдары бекитилген предметтик стандарттарга жана окуу программаларына дал кел келген жаңы/жаңыланган окуу китептери басылып чыкканга чейин билим берүү процессинде колдонууга сунушталат.
Тизмекке киргизилген чет элдик авторлордун кээ бир окуу китептери (“Кыргыз Ресгryбликасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунушталган” грифи бар окуу китептерин кошпогондо) билим берүү процессинде кошумча окуу материалдары катары колдонулушу мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg