www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министрлигинде мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын долбоору талкууланды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын 5-беренесине ылайык мамлекеттик билим берүү стандарттарын кайра карап чыгуу жана жаңылоо беш жылда кеминде бир жолу жүргүзүлөт.

Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Уланбек Мамбетакунов билим берүү системасынын өкүлдөрүн Мамлекеттик стандарттын долбоору менен тааныштырды.

"Ушул кезде колдонулуп жаткан стандарт өкмөттүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403 токтому менен кабыл алынган. Бул мезгилде документте көрсөтүү зарыл болгон билим берүү системасына коюлуучу талаптар өзгөрүп кетти. Мисалы, мамлекеттик стандарт долбоорунда билим берүүнүн милдеттери жаңыланды:

Мамлекеттик стандарттын долбоорунда көрсөтүлгөн билим берүүнүн милдеттерине ар бир окуучунун чыгармачыл жөндөмдүүлүктөрүн айкындоо жана өнүктүрүү, аларды эмгекти сүйүүгө, бийик адеп-ахлактык принциптерди карманууга тарбиялоо, инсандын өзүн өркүндөтүүсү, өзүн таанып-билүү көндүмдөрүн калыптандыруусу үчүн эң жогорку жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле билим берүү системасындагы тарбиянын салттуу маданий, руханий-адеп-ахлактык жана үй-бүлөлүк баалуулуктарга ылайык келүүсүн камсыздоо, балдардын физикалык, психикалык, социалдык, руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү үчүн шарттар да киргизилди", - деп белгилеген Мамбетакунов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости