www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ынтымак Ордодо” өткөн салтанатта Президент Садыр Жапаров жогорку окуу жайлардын мыкты студенттерине президенттик стипендия тапшырды. Бул сыймыктуу сыйлыкка өлкөнүн булуң-бурчунан тандалып алынган 90 студент ээ болду. Ар бирине президенттин мактоо баракчасы жана 60 миң сом өлчөмүндөгү стипендия ыйгарылды.
Мамлекет башчысы бул сыйлык студенттердин талыкпаган эмгегинин, мугалимдер менен ата-энелердин колдоосунун жана билимге болгон терең умтулуусунун натыйжасы экенин белгиледи.
Чындыгында да, мындай демилгелер өлкөнүн интеллектуалдык потенциалын өстүрүүгө чоң түрткү берет. Анткени, дүйнө тажырыйбасы көрсөтүп тургандай, өнүккөн мамлекеттердин ийгилигинин өзөгүндө сапаттуу билим жана изденүүчү жаштар турат. Инновация, технология, экономикадагы жетишкендиктердин баарынын түпкүлүгү билимге барып такалат. Эгер мамлекет жаштардын билимин өнүктүрүүгө инвестиция салбаса, анда келечектеги атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жоготот.
Андыктан Кыргызстан үчүн бул багыт өзгөчө мааниге ээ. Элибиздин келечеги билимдүү жаштардын колунда. Мамлекеттин милдети – алардын жөндөмүн ачууга шарт түзүү, илимий жана чыгармачыл потенциалын колдоо. Президенттик стипендия сыяктуу демилгелер жаштарга ишеним берип, “эмгек жана билим менен бийиктикке жетсе болот” деген ишенимди бекемдейт.
Бүгүнкү стипендиаттар – эртеңки илимпоздор, мугалимдер, дарыгерлер, инженерлер жана лидерлер. Алардын ийгилиги – өлкөнүн ийгилиги. Ал эми билимге салынган ар бир тыйын – өлкөнүн келечегине салынган эң баалуу инвестиция. Себеби, билимдүү эл гана өнүгүүнүн, прогресстин негизин түзөт. Билимсиз коом алдыга жылбайт. Ошондуктан билимге болгон ар бир колдоо, эртеңки күчтүү Кыргызстанга карай ташталган ишенимдүү кадам болуп саналат.