www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Соцтармактарда оозун чоюп, акыл парасаты жетпесе да Садыр Жапаровго асылууну өнөр туткан Орозайым Нарматованы билесинер. "Бийликти сындайт" десе эле айылдык ушакчы жеңелердин образына түшүп алып, этикага сыйбаган сөздөр менен албууттанат.
Сын айтканга жараша өзүңдүн альтернативалуу сунушуңду билдир да. Кайсы бир көйгөйдөн, кризистен чыгуунун жолдорун демилгелеп, караңгыдан көз тапкандай жарык чачышын керек. Тилекке каршы, Орозайымда андай сапаттар, баалуулуктар таптакыр жок экен.
Баткак чачыратуу, араздашуу, анан жеңил-желпи упай топтомой. Ушундай жүрүшү менен "Бүтүн Кыргызстан" партиясы аркылуу парламентке депутат катары өтүп, мандат алганы турат. Кайсы жогорку окуу жайын бүткөнү, толук кандуу окуганы боюнча шектелип, тирукмуш кептер соцтармактарга тарады.
Өзү жооп бергенин уккан жокпуз. Билими, тажрыйбасы жок болсо, тек гана беттырмарлык менен ажылдап, "Фейсбук баатыры" катары көрүнсө, а иш жүзүндө кантип мыйзам жазат? Парламенттин парасатын, деңгээлин ушуга окшогон чала сабаттар түшүрсө, акыры "какырык" лакабына калышпайбы?
Баса, бул айым минге жетпеген добуш алыптыр. Эми ошону колко кылуу менен депутаттык креслону минип, уят кылат го? "Кой ак сагы менен миң" дегендей, артка тарткандар эми да арбыйт тура. Акыл чөйчөгүн толот бекен? Ай ким билет?..
Булак: Азия News гезити