www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билл Гейтстин атасы 94 жашында дүйнө салды

Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү жана белгилүү филантроп Билл Гейтстин атасы 94 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазды.

Билл Гейтс,  "Атам үй-бүлөсүнүн курчоосунда көз жумду. Биз азыр кайгырып турабыз, бирок ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Атамдын өлүмү күтүүсүз болгон жок, ал 94 жашта болчу, ден соолугу начарлап бараткан. Биз көп жылдар бою ушундай сонун адам менен чогуу болгонубузга канчалык бактылуу экенибизди ойлонууга үлгүрдүк", - деп жазган өзүнүн блогунда.

Гейтс Microsoft компаниясын түптөөдө жана кайрымдуулук иштерине атасы зор салым кошконун белгилеп, ал адам болбосо азыркыдай ийгиликтүү болбостугун айткан.

Жергиликтүү басылмалар миллиардердин атасы Альцгеймер оорусунан улам каза болгонун айтышууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости