www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Патенттин негизинде иштеген ишкерлердин башка салык режимине өтүүсүнө бир ай калды

Патенттин негизинде соода кылган ишкерлердин башка салык режимине өтүүсүнө бир ай калды. Бул тууралуу Салык кызматы кабарлады.

Салык кызматы белгилегендей, 1-июлдан тарта өлкөдө патенттин негизинде соода-сатык менен алектенүүгө тыюу салынат. Ага байланыштуу ишкерлер жалпы салык режимине же бирдиктүү салыктын негизинде салыктын жөнөкөйлөтүлгөн системасына өтө алат.

Бирдиктүү салыктын негизинде салыктын жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууда салыктын чендери жылдык кирешенин көлөмү 15 млн сомго чейин болсо 0%, ал эми 30 млн сомго чейин – 0,5% жана 50 млн сомго чейин – 1%ды түзөт.

Эгерде кирешелер акыркы 12 айда 100 млн сомдон ашпаса базарларда жана кичи базарларда иштеген ишкерлер үчүн бирдиктүү салыктын чени 0,1%ды түзөт.

Бирдиктүү салыктын негизинде иштегендер ККМди пайдаланууга, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө жана башка милдеттенмелерди аткарышы керек.

Жалпы салык режимин тандоодо салыктар колдонуудагы салык мыйзамдарына жана жалпы негиздердеги ставкаларга ылайык төлөнөт.

“Белгилей кетсек, стратегиялык объекттерге кирген «Дордой» жана «Тураталы эл базары» (“Кара-Суу”) өзгөчө салык режимине өтүүгө милдеттүү”, — деп белгилейт Салык кызматы.

Кошумча маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, базар администрацияларынан, 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости