www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери 15-январдан тартып, 21-январга чейин бир жума аралыгында каттоо нөөмөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле мындан башкада ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номурлуу 359 авто унааны аныктады.
Алардын ичинен 55 Россияныкы, 5 Арменияныкы, 6 Азербайжандыкы, 276 Транзиттик номурлар, 17 жана башка чет өлкөлүк унаалар. Булардын баарына Кыргыз Республикасынын бузуулар тууралуу кодексинин беренелеринин негизинде тийешелүү протоколдор толтурулду. Анын ичинен 9 чет өлкөлүк авто унаалар ар кандай багытта жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, убактылуу токтотуучу короо жайына киргизилди.
Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы атайын коопсуз шаар долбоорунун алкагында койулган видео көзөмөлдөрдөн жашынып, же видео көзөмөл жазбайт деген түшүнүк менен каттуу ылдамдык менен айдаган айдоочуларга, ошондой эле каттоо нөөмөтү өтүп кеткен чет өлкөлүк транзиттик номерлүү авто унааларга карата мындан арыда текшерүү жана чара көрүү иштерин улантат.
Булак: NazarNews.kg