www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Кундузбек Сулайманов мамлекеттин генофондуна зыян келтире турган себепти атады.

Жогорку Кеңештин 23-ноябрдагы жыйынында ал бала төрөлгөндө анын биологиялык атасы тууралуу маалыматты тактоо керектигин белгиледи.

"Бир киши эки башка аялдан балалуу болуп, бирине апасынын фамилиясы берилген дейли. Балдар муну билишпей, келечекте баш кошуп калышы мүмкүн. Туугандардын бири-бири менен баш кошуусуна жол бербөө үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүктө балдардын атасын белгилөө зарыл. Мыйзам долбооруна ушундай түзөтүүлөрдү киргизгиле. Анткени бул биздин генефондубузга зыян келтириши мүмкүн", - деди Сулайманов “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоодо Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлүнө кайрылып.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости