www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бир дүйнө – Кыргызстан»: Кыргызстанда цензурага жол жок!

«Бир дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо кыймылы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин, министрлер кабинети жана Жогорку Кеңешке кайрылып, Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан кепилденген, бирок алардын нормативдик-укуктук актылары менен адам укуктарын чектеген жана аны бузган конституциялык эмес жобосун алып салууга чакырат.

Конституциясынын 10-беренесинин 2-бөлүгү менен Кыргыз Республикасында цензурага жол берилбейт деп көрсөтүлгөн. Ал эми баш мыйзамдын 63-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, сөз, басма сөз жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин чектеген мыйзамдардын кабыл алынышына тыюу салынат.

Режиссёр Сергей Эйзенштейн жана диктатор Иосиф Сталин © Антон Подрезовдун коллажы

Анткен менен, азыркы тапта Кыргызстанда өкмөт тарабынан бекитилген «Аудиовизуалдык чыгармаларды порнографиялык жана чыгармачылык иштин натыйжаларынын тыюу салынган башка түрлөрүнүн категориясына киргизүү тартиби жөнүндөгү» жобо бар.

Ал жобо ар бир чыгармачыл адамды фестивалдарда, семинарларда жана башка иш-чараларда таратуу же көрсөтүү үчүн мамлекеттик күбөлөндүрмө алуу максатында ага болжолдонгон аудиовизуалдык чыгармаларды «Кыргызтасмасы» деген мамлекеттик киноборбор мекемесине берүүгө милдеттендирет. Аны менен бул факт чыгармачылык ишмердүүлүккө цензура киргизет.

Андан тышкары, «Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндөгү» мыйзамынын 5-беренесинде: «Аудиовизуалдык чыгармаларды жараткан чыгармачыл кызматкерлер көркөм изденүүгө, өздөрүнүн кинематографиялык идеяларын жана ойлорун ар кандай түрдө чагылдырууга, фильмди ар башка тилде таратууну жүзөгө ашырууга, чет өлкөлүк адамдар жана юридикалык жактар менен биргелешип кино тартууга катышууга, фильмдерди мамлекеттик тилде жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган башка элдердин тилдерине которуп сүйлөтүүгө укуктуу» деп көрсөтүлгөн.

Бул берененин 2-абзацында: «Аудиовизуалдык чыгармаларды цензурадан өткөрүүгө жол берилбейт» деп жазылган, бирок андан ары: «ушул мыйзамдын 6-беренесинде каралган учурларды кошпогондо» деген конституциялык эмес эскертме кошулган.

Мелис Убукеевдин «Манас ааламы» тасмасынан кадр, Кыргызфильм, 1995

Муну менен байланыштуу «Бир дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо кыймылы жогоруда көрсөтүлгөн нормативдик-укуктук актылардагы конституциялык эмес жоболордун аракеттери тез арада токтотулушу керек деп эсептейт жана жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин калыбына келтирүү үчүн чечим кабыл алуусу керек жана мындан ары Конституциянын бузулушуна жол бербөө үчүн чара көрүлүүгө тийиш деп Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, министрлер кабинетине жана Жогорку Кеңешке кайрылат.

Конституциясынын бузулушу жана басмырлоо фактылары мындан ары дагы орун алган учурларда «Бир дүйнө – Кыргызстан» кыймылы Жарандык тилектештик тармагы менен биргеликте укуктардын бузулган фактылары боюнча бардык деңгээлдердеги соттордо өз таламыбызды талашууга жана Башкы прокуратура тарабынан мамлекеттик мекемелердин аракеттеринин мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүүнү талап кылууга даяр экенибизди билдиребиз.

Бардык суроолор боюнча «Бир дүйнө – Кыргызстандын» юристтерине: [email protected] дареги боюнча же 0312 3176 71 жана +996 770 341 720 телефондор аркылуу кайрылыңыздар.

«Бир дүйнө – Кыргызстан», Бишкек шаары, 23-март, 2022-жыл

Последние новости