www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Айтматов жана Манас райондорундагы жатак мектептерге мониторинг жүргүзүштү.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, текшерүүнүн жыйынтыгында балдардын жашоо шартында жана тамак-ашында олуттуу кемчиликтер аныкталды.

Айтматов районундагы Т.Бабанов атындагы жатак мектеби

Мектеп 136 балага ылайыкталганы менен учурда 215 окуучу билим алууда. Класстарда ар бир балага 2 чарчы метрдин ордуна 0,8 чарчы метр гана аянт туура келет. 133 кызга болгону 2 кол жуучу жай жана 1 гана унитаз иштеп жатат. Керебеттер өтө жыш жайгашып, матрастар эскирген.

Жатаканада балдар менен кыздардын бөлмөлөрү бир кабатта жайгашкан. Буга чейин сунушталган коопсуздук тосмолору талапка жооп бербейт. Дары-дармектердин мөөнөтү өтүп кеткен. Окуучуларга эт кошулбаган, сууга бышкан күрүч жана гречка берилүүдө.

2. Манас районундагы "Улукман" жатак мектеби

1972-жылы курулган имарат бир дагы жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Чатырынан суу агып, жылытуу системасы жана терезелери эскирген. Мектепте спорт зал жок.

Мониторингдин жыйынтыгы менен Талас облустук мамлекеттик администрациясына аныкталган мыйзам бузууларды тез арада жоюу талабы менен расмий сунуш жөнөтүлдү.

Акыйкатчы институту балдардын укуктарын жана коопсуздугун коргоо максатында өлкөдөгү интернат тибиндеги мекемелерди текшерүүнү улантат.

Последние новости