www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Октябрь райондук сотунда 11-июлда УКМКнын мурунку кызматкери, үч адамдын өлүмүнө айыпталган кол күрөш боюнча эл аралык спорт чебери Чынтемир Аширалиевдин соту уланды.

Отурумга судья Надырбек Токтосунов төрагалык кылды.

Мамлекеттик айыптоочу тараптын айтымында, Аширалиев менен маркум К.А. 2010-жылы банкта иштеп жүргөндө таанышкан. Жердеш катары баарлаша башташып, 2012-жылы Ысык-Көлдө эс алып жүргөндө кокустан жолугуп, телефон номурларын алмашышкан. Аширалиев андан маал-маалы менен карызга акча алып, кайра кайтарып турган, анан экөөнүн достугу сүйүүгө айланып кеткен. Бирок, ал учурда айыпталуучунун үй-бүлөсү болгон. Ашыралиев К.А. менен байланышуу максатында аялынан жашыруун башка телефон сатып алган.

2014-жылы К.А. Аширалиевден уул төрөгөн. Аял соттолуучудан колдоо, анын ичинде материалдык жардам сураган, ошондой эле Аширалиевди аялына баарын айтып берем деп системалуу түрдө шантаж кылган. Айыпталуучу өзүнөн улуу аял менен болгон мамилеси үй-бүлөсүн талкалап, аброюна шек келтирет деп кооптонгон. Мындан тышкары, ал 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлигин коюуну чечкен.

Тынымсыз шантаж чыр-чатакка алып келип, мамлекеттик айыптоочунун айтымында, аны өлтүрүүгө түрткөн.

15-февраль күнү кечинде К.А. Аширалиевге телефон чалып, аялына баарын айтам деген. Чалуудан кийин Ашыралиев аны өлтүрүүгө чечкен. Түн жарымына жакын айыпталуучу аялдын үйүнө келип, 2005-жылы туулган кызы жана алардын жалпы уулунун үйгө кайтышын күтө баштаган. Прокурор белгилегендей, ал аларды да өлтүрүүнү чечкен, анткени алар экөөнүн мамилесин билишкен.

Аларды күтүп, балдар бөлмөлөрүнө тарап кеткенде К.А.га бычак менен 9 жолу жаракат келтирген. Андан соң кызынын бөлмөсүнө барып бычак сайып, анан муунта баштаган. Кыз өлдү деп ойлоп, уктап жаткан уулуна барып, Аширалиев жаздык алып, баланы муунтуп өлтүргөн.

Соттолуучу андан ары эмне кыларын ойлонуп баштагандан кийин кыздын бөлмөсүнөн үн угулган. Кыздын терезеден кулап түшкөнүн көрүп, Аширалиев ага барган. Кире бериште айыпталуучу көзөмөл камерасын байкап калып, аны сындырууга аракет кылган, бирок ал ишке ашпай калган. Ал сыртка чыгып, кызды көтөрүп, батирге киргизген – мунун баары камерага жазылып калган.

Аширалиев анын сөөгүн ваннага салып, чөктүргөн. Соттолуучу К.А. спирт ичимдигин ичип отуруп, кызы менен уруша кетип, ал апасын өлтүрүп, өз жанын кыюуга баргандай кылып көрсөткүсү келген. Бул үчүн ал бир бөтөлкө арак сатып алып, денесине кошумча жаракат келтирип, кыздын сөөгүнүн жанына бычак таштап койгон, дейт мамлекеттик айыптоочу.

Эскерте кетсек, 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда 3 адамдын киши колдуу болгон. Батирден апасы, кызы жана уулунун жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү кармалып, кийинчерээк анын УКМКнын мурдагы кызматкери экени белгилүү болгон. Ошондой эле үйдөгү камерага түшүп калган үрөй учурган видео тараган. Бишкек ШИИБдин башчысынын орун басары кылмыш иш тергелип жатканын, ишти сотко өткөрүүгө жетиштүү далилдер бар экенин айткан. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости