www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алматы облусунун Райымбек районундагы Сарыбастау айылында бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсү каза болду. Алардын арасында 1,5 жаштагы наристе да бар. Бул тууралуу Qonaev TV кабарлады.
Алдын ала, тактала элек маалыматтарга караганда, үй-бүлө мүчөлөрү иске ууланып каза болушу мүмкүн.
Каргашалуу окуянын натыйжасында 1955 жана 1974-жылы туулган эки эркек киши, 1984-жылы туулган бир аял жана 1,5 жаштагы ымыркай каза болгон.
Маркумдардын сөөгү соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү. Укук коргоо органдары окуянын бардык жагдайларын иликтеп жатышканы кабарланды.
Үй-бүлө айылдан алыс жайгашкан кыштоодо жашап келген.
Туугандары эки күн бою алар менен байланыша албай, андан кийин үйүнө барып, төрт адамдын сөөгүн табышкан. Ошондон кийин полицияга кабар берилген.