www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон бери кыргыз саясатында эчендеген саясатчылар эл элегинен өтүштү. Көбү мезгилдин сыноосунан татыктуу өтө албай, тарых бүктөмүндө калды. Азы бүгүнкү күнгө чейин саясаттын казанында кайнап, саясий оош-кыйыш учурларда чечүүчү ролду ойноп, эл назарында жүрүшөт. Биз мына ушул жагдайга азыноолак анализ жасап, кыргыз саясатындагы саясатчылардын калк арасында салмагы кандай болду деген маселеге сарэсеп салып көрдүк.
Коңулга кирген Текебаев...
Бүгүнкү күндө кыргыз саясатында каалайбызбы, каалабайбызбы Өмүрбек Текебаевдин орду бар. Дагы да болсо саясий күчтөрдү эсептештиргенге чамасы жетет. Саясий ишмердүүлүгүндө жалаң президенттер менен кармашып жүрүп танылды. Бирок азыркы тапта баштагы позициясынан кайтып, өзүнүн керт башынын жайлуулугуна карап, бийликтин каш-кабагын карап иш кылып калды. Бул жагдайды Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Перизат Суранова сыяктуу "Ата Мекен" партиясынын айымдары айыпсыз абакта отурса, Текебаев адилет сөзүн айта албай элчилик кызматты уучтап, жылуу коңулда башын катып отурганынан байкасак болот.
Эрки күчтүү Атамбаев...
Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаевдин дагы бүгүнкү күндө саясатта орду өзгөчө. Жамандыр жакшыдыр 6 жыл мамлекетти башкарды. Тилекке каршы, өзү бийликке алып келген адамы Сооронбай Жээнбеков "сатып кетип" үч жарым жыл абактын азабын тартып чыкты. Ошого карабастан коомдо дагы деле саясий күчкө ээ. Абакта отуруп чыккандан бери, эрки күчтүү лидер катары кадыры калыңдап, аброю артты. Сөзүн угуп, артынан ээрчий турган электораты азыр да жетиштүү. Дагы да болсо саясатта пагода жасаганга кудурети жетет.
Ойт берме Бабанов...
Ошол эле Өмүрбек Бабановдун атына коомчулукта көп сындар айтылып жатса да, өзү кыйын учурларда "саясаттан кеттим" деп бизнесин коргоп куйрук түйүп мант берген жоруктарына карабастан, саясатта такыр эле шал болуп, биротоло критке кете элек. Дагы да болсо артында партиясы бар. Саясий өнөктүктө элдин көңүлүн бурууга жарай турган каржы капиталына таяна алат. Бул анын негизги көзүрү десек жарашат.
Текеберлигинен аксаган Мадумаров...
Саясатта бирде төө минип, бирде жөө жүрүп калганына карабай Адахан Мадумаров да бүгүнкү күнгө чейин эл назарында болуп, саясий күчтөр эсептешкен салмактуу саясатчылардын көч башында келе жатат. Бул да болсо анын мыктылыгын айгинелейт. Эң негизи кемчилиги – өзүнөн башканын баарын акылы кем көргөн текеберлигинин азабынан көп аксайт. Ошол эле кезде ачуу чындыкты тайманбай ачык айткан артыкчылыгы бар.
Ооматы таразада турган Жапаров менен Ташиев...
Арийне, азыркы кезде Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин жылдызы жанып турган учур. Булар дагы Акаевдин убагынан бери саясатка аралашып, өйдө-төмөн ысык-суукту көп көрүп, бүгүнкүдөй кадырга ээ болушту. . Эми мындай урмат-сый канчага чейин созулат убакыт таразалайт. Дегенибиз, буларды деле жалпы эл сүйүп турат дешке болбойт. Айрыкча, акыркы учуларда баштапкы колдоого алган калктын калың катмары суюлуп баратат.
Сынга да, сыйга да татыган Төрөбаев...
Өзүнүн уюштургуч жөндөмү менен эл оозуна алынып, саясатта өз ордун тапкан салмактуу саясатчылардын катарын Бакыт Төрөбаев толуктайт. Акыркы 10 жыл аралыгында Бакыт мырза саясатта такшалды. Саясий олку-солку окуяларда сабырдуулук позициясын көрсөтүп, таза ишмердүүлүгү менен өз жүзүн жоготпой келе жатат. Мындай темп менен алыска чуркай алат десек жарашат.
Сууга салса чөкпөгөн Жапаров...
Эгемендүү өлкө болгондон бери "жеңден кончко куюлган" жагынан алдына эч кимди чыгарбаган Акылбек Жапаров азыр да бийликтин бийик сересинде. Азыркы бийликке карата айтылган бүт сын пикирге төшүн тосуп, жаман-жакшы көрүнгөн бирден-бир жалгыз фигура. Бийликтин командасындагы бир карасаң өздөй, бир карасаң жаттай болгон чоочун. Орусча айтканда, "чужой среди своих" болгон өз командасына да, коомчулукта да ыңгайсыз фигура...
Бирде төө минип, бирде жөө калгандар...
Эл оозуна алынып, аброй топтой алган, саясатта өз үнү, өз орду бар салмактуу саясатчыларга Рыскелди Момбеков менен Жанар Акаевди кошсо болот. Экөө тең акыйкатты ачык айтып, курч билдирүүлөрү менен кадыр күтө алышты. Ошондой эле, Алтынбек Сулаймановду дагы салмактуу саясатчылардын арасына кошсо болот. Өзүн-өзү өстүрүү аркылуу кадыресе өз алдынча саясий фигурага айланып баратат. Саясатта өз орду бар делгендердин катарында Темир Сариев дагы бар. Такыр эле карьерасына чекит коюлуп, саясий аренадан сүрүлүп кала элек.
Айтмакчы, Аалы Карашев, Каныбек Иманалиев, Садык Шер Нияз, Ахматбек Келдибеков, Улукбек Ормонов, Канатбек Исаев сыяктуу саясатта аты аталып, эл арасында мактоого да, сынга да алынып келе жаткандар жок эмес. Бирок булар салмактуу саясатчы катары артынан эл ээрчите алган деңгээлге жетише элек.
Эмгеги эсте калбагандар...
Саясатта бир кезде ити чөп жеп, кийин ыргыткан ташы төмөн кулап, саясий ишмердүүлүгү аксап, критке кеткендер да жок эмес.
Аскар Акаевдин доору жүрүп, алгач калың эл жапырт колдоп турганда Кубанычбек Жумалиев баштаган бир катар лөктөр; Осмонакун Ибраимов, Болот Жанузаков, Дастан Сарыгулов, Накен Касиев, Алтай Бөрүбаев, Апас Жумагулов сыяктуу түкүрүгү жерге түшпөй тургандардын көбү азыр сыймык менен эстелбейт деле. Айрымдары жашына, кээ бири ишиндеги кемчиликтерге байланыштуу саясаттан сыртка сүрүлүп калышты.
Ал эми Акаевден учурундагы оош-кыйыштан аман-эсен суурулуп чыгып Бакиевдин этегин кармап, таш чайнап кум бүркүп калгандардын деле саналуу адамдар саясатта өз ордун сактап калбаса көбү критке кетишти. Алсак, ошол эле Элмурза Сатыбалдиев, Курманкул Зайнидинов, Марат Султанов сыяктуу бир катар кыйын чыкмалар азыр көптүн бири...
Атамбаев менен Жээнбековдун тушунда эл көзүндө жүргөн бир топ төбөлдөрдүн саясаттагы басыгы басаңдап, иргелишти. Мына ошол эле Жантөрө Сатыбалдиев, Албек Ибраимов, Айтмамат Кадырбаев, Кашкар Жунушалиев, Асылбек Жээнбеков, Иса Өмүркулов баштаган көптөрдүн дарегине карата коомдо жакшы пикирлер аз. Бир тобу кылмыш иши козголуп айыпталып абакка отурушту. Булар учурунда жогорку кызматты аркалашкан менен эл арасында бийик абройго жетише алышпады...
Алмаз Темирбек уулу
Булак: NazarNews.kg