www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германия, Италия, Норвегия жана Бахрейн жарандарын Ливандан чыгып кетүүгө жана ал жакка барбай турууга чакырды.

Мындан тышкары бир катар авиакомпаниялар Ливанга учууну токтотту. Дүйшөмбү күнү Германиянын Тышкы иштер министрлиги Ливандагы өз жарандарын чыгып кетүүгө чакырды.

АКШнын мамлекеттик департаменти Ливандагы жарандарына STEP программасына катталып, ИИМдин билдирүүлөрүн жана эскертүүлөрүн түз алып турууга, өлкөдөн чыгып кетүүгө даяр болууга чакырды. Индия да өз жарандарына элчиликтин сунуштарынан кабардар болуп туруусун айтты.

Мындай коопсуздук чаралары Ливандын түштүгүндө аракеттенген "Хезболла" ислам радикал тобу менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын ырбашына байланыштуу көрүлүүдө.

27-июлда "Хезболла" Израил аннексиялап алган Голан дөңсөөлөрүндөгү Маждаль-Шамс шаарына ракеталык чабуул жасап, 12 адам каза тапты. Каза тапкандардын көбү балдар, дагы 30 адам жараат алды. Израил ишемби күнкү чабуул үчүн ливандык "Хезболла" тобун айыптап, "душманга катаал жооп кайтарыларын" убада кылып, Газадагы согуш аймакка жайылып кетиши мүмкүн экенин эскертти.

Белгилей кетсек, Израил 1967-жылы Араб мамлекеттеринин коалициясына каршы алты күндүк согушта Сириянын Голан дөңсөөсүнүн көпчүлүк бөлүгүн жана Иерусалим шаарынын чыгыш бөлүгүн ээлеп, 1981-жылы аннексиялап алган.

Последние новости