www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын бир катар министрликтеринин жоболору жана башкаруу схемалары бекитилди. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Министрлер кабинети билдиргендей, аталган чечим президенттин «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын түзүмү жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу алкагында кабыл алынган.

Мындан улам жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык төмөнкүлөрдү бекитүү чечими кабыл алынды:

- Энергетика министрлиги жөнүндө жобо жана Энергетика министрлигинин башкаруу схемасы;

- Саламаттыкты сактоо министрлиги жөнүндө жобо жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкаруу схемасы;

- Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобо жана Экономика жана коммерция министрлигинин башкаруу схемасы.

Буга катар Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим чөйрөсүнүн айрым бөлүнүштөрүнүн жана мекемелеринин ишин оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы №38 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө» токтомуна жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы №72 «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости