www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-июлда Иран, Ирак, Ливандын баш калааларында Швецияда Курандын тебеленишине каршы нааразылык митингдерине миңдеген адам чыкты..

20-июль күнү Ирактын баш калаасы Багдадда жүздөгөн адамдар Швециянын элчилигине кирип барып, өрттөп жиберген. Ирак полициясы аларды суу чачып, электрошокерлерди колдонуу менен таркатууга аракет кылды.

Толкундоонун тутанышына 20-июлда Стокгольмдо полициянын уруксаты менен өзүн атеист деп атаган ирактык жарандын Ирактын элчилигинин алдында Куранды тебелеп, өрттөгөнгө аракет кылганы себеп болгон.

Буга чейин 28-июнда мусулмандар Курман айт майрамын белгилеп жатканда 37 жаштагы ирактык качкын Салван Момика Стокгольм шаарындагы мечиттин алдында Куран китебин тепкилеп, өрттөгөн. Окуя тартылган видео интернетке тараган. Полиция акцияны кайтарып, коомдук тартипти көзөмөлдөп турган.

Анда дагы Сауд Арабиясы, Ирак, Иран, Марокко жана башка мусулман өлкөлөрү окуяны айыптап, нааразылык акцияларын өткөргөн.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости