www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир катар шаарлар ирилештирилип, Араван жана Гүлчө райондук маанидеги калаа болуп түзүлүүдө. Тиешелүү мыйзам долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги коомдук талкууга алып чыкты.
Аталган мыйзам сынамык режимде жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын жыйынтыгы боюнча иштелип чыккан.
Мыйзам долбоору менен 235 ирилештирилген айыл аймактары, Бишкек жана Ош шаарларынын административдик аймактары түзүлгөнү айтылган.
"Каракол, Балыкчы, Жалал-Абад, Токмок, Чолпон-Ата, Кербен, Таш-Көмүр, Айдаркен шаарлары айыл аймактарынын эсебинен ирилештирилип жатат. Мындан тышкары, Чүй облусунун Кант жана Кара-Балтага облустук маанидеги шаарлардын статусу берилип, Шамалды-Сай поселогу Таш-Көмүрдүн курамынан чыгарылып, Ноокен районунун курамында райондук маанидеги шаар болуп түзүлүүдө. Ошондой эле административдик-аймактык реформанын жыйынтыгы менен Ош облусунда райондук маанидеги Араван жана Гүлчө калаалары түзүлүүдө", — деп жазылган мыйзам долбоордун негиздемесинде.
Мындан тышкары, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айылдык аймактарынын жана шаарларынын, Бишкек жана Ош калааларынын административдик-аймактык чек араларын түзүү жана бекитүү каралганы кошумчаланган.
Мыйзам долбоорун толугу менен шилтемеаркылуу кирип окуса болот.
Булак: NazarNews.kg