www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

2010-жылкы Ош коогалаңына катышкан 37 жаштагы жаран Орусиядан учуп келиши менен аэропорттон кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Ж.М. 14 жылдан бери Орусиянын ар кайсы шаарында жашап, жашынып жүргөн.

Ал 23 жашында Оштогу коогалаң учурунда  адам өлтүрүүгө шектелүүдө. Милициянын маалыматында, ал шериктери менен бирге 2010-жылдын 13-июнда Ош облусунун Кара-Суу районунун 53 жаштагы тургунун бычактап, өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүп, жансыз денени Ак-Буура дарыясына ыргытып жиберген.

Маркумдун жансыз денеси 2010-жылы 19-июнда Анжиян облусунун Ходжабад районунун аймагынан табылган. Абал турукташып, кылмышка шектүүлөр аныктала баштаган учурда Ж.М. Орусияга чыгып кеткен.

Шектүү камоого алынды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости