www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Караганда облусунда атайын борбордон 12 бала ууланып ооруканага жаткырылды. Бир бала медициналык мекемеде каза болуп, дагы алтоо реанимацияга жаткырылды. Бул тууралуу Tengrinews.kz. жазып чыкты.
Караганда облусундагы Балдарга атайын социалдык кызмат көрсөтүү борборунда массалык уулануу катталган. 30-июль күнү эки бала өзүн жаман сезген. Алар кусуп, ичи өтө баштаган.
Бир суткадан кийин бул мекемедеги дагы 10 баладан ушундай даттануулар катталган. Алар да ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер канчалык аракет кылганы менен бир баланы сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Учурда алты бала реанимацияда жатат. Калгандары дарыгерлердин көзөмөлүндө. Окуянын себептерин иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү.
Булак: NazarNews.kg